Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

"Тамчылатып сугарууга өтөлү". Өкмөттүн сунушу, дыйкандын пикири


Кыргызстан. Иллюстрация сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрация сүрөт.

мазмуну

  • Бириккен Улуттар Уюмунун Айыл чарба жана азык-түлүк программасы Борбор Азияда 2015-жылдан бери кайра калыбына келүүчү суу ресурстары 12 пайызга азайганын билдирди.
  • Калыбына келүүчү суу ресурсу - суунун табигый жолдор менен толукталып турушу. Өзү толукталып турганына карабай адамдын ашыкча керектөөсү анын корунун азайышына алып келүүдө.
  • Аталган уюм бул дүйнөдөгү өтө жогорку көрсөткүч экенин белгилейт. Чөлкөмдөгү жалпы суу ресурстарынын 82 пайызы айыл чарба иштерине туура келет.

БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюму дүйнөнүн бардык аймактарында суу ресурстарын керектөө улам өсүп жатканын белгилеген. 2022-жылы дүйнөдө орточо "суу стрессинин" деңгээли 18 пайызга жеткен.

Бирок айрым аймактарда бул көрсөткүч андан да жогору. Алардын ичинен Борбор Азия 70,2 пайызды түзүп, үчүнчү орунда турат. “Суу стресси” - сууну пайдалануу көлөмүнүн анын коруна болгон пайыздык катнашы.

Уюм анын деңгээли жыл сайын коромжу болгон суунун деңгээли табигый жол менен толукталып туруучу көлөмгө жакындап же андан ашып кеткенин кошумчалаган.

Климаттын өзгөрүшү менен Кыргызстандын калкы суу тартыштыгын жон териси менен сезе баштады. Бул көйгөй айрыкча дыйканчылык өнүккөн чек арага жакын аймактарда көбүрөөк байкалууда.

Баткен облусунун тургуну, багбанчылык менен алектенген Санжар Абдинаби уулу климаттагы өзгөрүүлөрдүн таасири ачык эле көрүнө баштаганын айтууда.

“Бизде климаттык өзгөчөлүк түндүккө караганда кичине башкача. Кыш көп узун болбойт. Жаз эрте келет. Азыр нымдуулуктун пайызы төмөн. Быйыл Баткенде тоо этектериндеги айылдарда кар жаай элек. Мунун баары дыйканчылыкка, багбанчылыкка таасир этип жатат. Айыл чарба министрлиги күздүк айдоо тапшырмасын берди окшойт. Ошондой тапшырмалар берилди. Бирок күздүк айдалганы менен жаан-чачындын деңгээли төмөн болуп жатпайбы. Дыйкандар үчүн бул тобокелдик болушу мүмкүн”.

Кыргызстанда быйыл декабрь ортолоп калганына карабай кар бир жолу жаап, эрип кетти. Экологдор климаттын өзгөрүшү менен кыш кеч түшүп, жаз эрте келе баштаганын айтып коңгуроо кагууда.

Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун кызматкери  Эркин Исаев буга чейин “Азаттыкка” мындай деген:

“IPCC уюмунун 2023-жылдагы отчетуна таянсак, Борбор Азиядагы абанын температурасы көтөрүлүп жатат. Сезондук алмашуу жүрүп, жаздын келиши 1-1,5 айга алдыга жылган. Жаз эрте келгенде күн тез ысып, табигый кырсыктар болуп жатат. Мөңгүлөр эрип, опурталдуу кырдаал түзүлүүдө”.

Экологдордун айтымында, мөңгүлөр жааган кардын эсебинен толукталат. Бирок соңку жылдары кар ордуна жамгырдын жаашы менен бул процесс жакшы жүрбөй жатканын белгилешет.

Эколог Канат Өмүрзаков суу тартыштыгына себеп болгон дагы бир кубулушка токтолду:

“Мөңгү көп эригенде дарыядагы суу көбөйүшү керек. Дарыялардын толукталуу жолдору бар да. Азыр анан жазында кышкысын жааган кар эрийт. Июнга жакын мөңгүлөр эриши керек. Бирок бизде тоо жакта суук болуп, мөңгүлөр эрибей калган учурлар болду. Эки-үч жыл мурда суу тартыш болуп, Казакстанда эгин күйүп кетпедиби. Ошондо ылдый жакта ысык болуп, тоодо суук болгону үчүн мөңгү эрибей калган. Бир гана Аламүдүн дарыясында кризис болгон эмес. Температура көтөрүлүп жатат деп айтышат. Бирок быйыл Төө-Ашуудан өткөндө муз эрибегенин байкадым. Туннелдин аркы бети болсо суук, шамал. Ылдый жакта ысык болгон менен жогоруда суук болуп жатат. Ал эми түштүк жакта мөңгүлөр жазында эле эрип кетип, суу жетпей калууда”.

БУУнун Айыл чарба жана тамак-аш уюму соңку отчетунда Борбор Азияда суу пайдаланууда оң жылыштар байкалып жатканын да белгилеген.

Кыргызстандын мисалында айтсак, өкмөт акыркы жылдары жаңы суу сактагычтарды жана каналдарды куруу, тазалоо, оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Каналдардагы жоготууларды азайтуу максатында төшөлө турган бетон өндүрүүчү завод курулуп жатканы, ал 1,5 жылда ишке берилери белгилүү болду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 17-декабрдагы кайрылуусунда дыйкандарды сууну үнөмдөө үчүн тамчылатып жана жамгырлатып сугарууга чакырды:

“Сиздер жакшы билесиздер, суу ресурстары азайып жатат. Мөңгүлөр эрип жатат. Жаан-чачын дагы азайып кетиши мүмкүн. Биз эми алдыда кандай аба ырайы күтүп турганын билбейбиз да. Дыйкандарга кайрылганым, сиздер менен чогуу бул жумуштарды алып барышыбыз керек. Кыргызстан боюнча тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары 16 миң гектар жерде иштеп жатат. Биздин эсебибиз боюнча дагы 30-40 гектар жерди тамчылатып жана жамгырлатып сугарууга өткөрүшүбүз керек. 2030-жылга чейин биз 200 миң гектарга ошол системаны орнотууга тийишпиз. Өзүңүздөр билесиздер, Ысык-Көл дагы тартылып жатат. Мурда жүздөн ашуун дарыя агып жатса, азыр алар азайды. Ысык-Көлдү сакташ үчүн жамгырлатып, тамчылатып сугарууга өтүшүбүз керек”.

Төрөбаев тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу үчүн мамлекет акча бөлүп жатканын, каалоочуларга атайын лизинг берилерин кошумчалаган.

Баткендин тургуну Санжар Абдинаби климат өзгөрүп, күндүн ысышы менен дыйкандар сууну көп керектей баштаганын айтууда. Ал тамчылатып сугарууга бардык эле адамдардын чамасы жетпесин белгиледи:

“Жай ысык болуп жатат. Мурда бакты бир айда төрт-беш жолу сугарсак, күн ысыгандан баштап айына жети-сегиз жолу сугарууга туура келүүдө. Анан калса, кыргыздар дыйканчылыкты өздөштүрүп, түрдүү өсүмдүктөрдү эге баштады. Ошонун эсебинен сууга болгон керектөө да өсүп жатат. Сугат суу тартыштыгынан тамчылатып сугарууга өткөн дыйкандар бар. Бирок бул жапырт көрүнүш эмес. Бардык эле дыйкандардын капчыгы ага жетпеши мүмкүн. Суунун тартыштыгы, жумушсуздук аймактагы миграцияга да себеп болууда. Бизде мурда кара тамекини көп өстүрүшчү. Азыр аны Чүйгө барып өстүрүп, кайра Баткенге алып келип иштеткендер да жок эмес. Ушунун өзү эле аймакта сугат суу маселеси курч экенинен кабар берет да”.

Санжар мындай кырдаалда коңшулар менен суу пайдалануу келишимдерин кайра карап чыгуу керек деген пикирде. Муну менен катар ал элдин табиятка болгон мамилесин өзгөртүп, кат-сабатын ачууга мезгил жетти деп эсептейт.

Евразия өнүктүрүү банкы буга чейин Борбор Азияда 2040-жылга чейин айдоо аянты 10,6 млн гектарга кеңейип, ирригациялык жабдыктарга талап өсүшү мүмкүн экенин билдирген. Банк чөлкөмдөгү ирригациялык технологиялардын 90% сырттан импорттолорун, андыктан аларды өндүрө турган ишканаларды жеринде ачуу оң болорун белгилеген.

Эколог Канат Өмүрзаковдун айтымында, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу бардык эле өсүмдүктөргө туура келбейт:

“Сиз аны бактарды, жүгөрүнү, гүлдөрдү тамчылатып сугарсаңыз болот. Жөөккө тигилген өсүмдүктөргө бул жакшы ыкма. Бирок арпа-буудайга же себилген өсүмдүктөргө андай ыкманы колдоно албайсыз. Жамгырлатып сугарууну колдонсоңуз болот. Бирок ал өтө кымбат турат. Азыр бир гектар жерге туура келгендей жабдыктарды алып келип жатышат. Бирок суу маселеси кыйын болуп жатат. Эмне дегенде бизде суу туруктуу акпайт. Ким өйдө жакта жашаса сууну колдонот, ылдыйда жашагандар сууну буруп кетпеши үчүн кайтарып турууга аргасыз. Эгер жамгырлатып сугарам десеңиз, каналда ошол көлөмдөгү суу тынбай агып турушу керек. Эгер өйдө жактан буруп алса, ал система иштебей калат. Жамгырлатып сугарууда жердин эңкейиши да туура болушу керек. Эгер жантайыш чоң болсо аны колдоно албайбыз”.

Кыргызстанда быйыл сугат суу акысы кымбаттап, эки тариф менен эсептеле баштады. Ага ылайык, шарты катаал райондун тургундары бир гектарга 250, калган райондордуку 500 сом төлөй турганы маалым болгон.

Министрлик суунун акысы максаттуу түрдө элдин муктаждыктарын чечүүгө, каналдарды оңдоп, жаңысын курууга, модернизация кылууга жумшаларын билдирген.

Ага чейин өлкөдөгү 2 миллиондой керектөөчү сугат суу үчүн м³/секундасына 0.03 сом, тоолуу райондордо 0.01 сом төлөрү, бул акчага ирригация тармагын оңдоо мүмкүн эместиги айтылып келген.

БУУнун Айлана-чөйрө программасынын Атласындагы маалыматка таянсак, Кыргызстанда 1960-2023-жылдар аралыгында орточо температура 1,2 градуска көтөрүлгөн.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG