Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:56

Сүрөтчү Чыңгыз Айдаров оорудан улам каза болду


Чыңгыз Айдаров. Сүрөт соцтармактагы баракчасынан алынды
Чыңгыз Айдаров. Сүрөт соцтармактагы баракчасынан алынды

Заманбап искусствонун өкүлү, белгилүү сүрөтчү Чыңгыз Айдаров 16-декабрда узакка созулган оорудан улам 41 жашында каза болду. Маалыматты маркумдун жакындары соцтармактагы баракчасына жазышты.

Чыңгыз Айдаров 1984-жылы төрөлгөн. Бишкек шаарындагы Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын "живопись педагогу" адистиги боюнча аяктаган.

Маркумдун кесиптештери жана замандаштары жазган некрологдо айтылгандай, Айдаровдун чыгармачылыгы ар тараптуу мүнөздө болуп, жаңы формаларды жана көркөм чечимдерди тынымсыз изденүү аркылуу таап, аларды өз эмгектеринде чагылдырган.

"Айдаровдун чыгармачыл эмгектери бир катар сүрөт аянтчаларындагы көргөзмөлөргө коюлуп, коомчулукта чоң резонанс жаратып, көрөрмандардын эсинде узакка сакталган чыгармалар катары белгилүү болгон. Бишкектеги "TOPOGRAFICA", Москва шаарындагы "Служба времени", Токио шаарындагы "Beuys On/Off: Felt, Fat, and Fictions", Париждеги Помпиду борборунда өткөн "Double Horizon" көргөзмөлөрү Ч. Айдаровго зор ийгиликтерди алып келген. Ал "Набег" аттуу көркөм ыкманын автору болгон", - деп эскеришти кесиптештери.

Чыңгыз Айдаров 38 жашында ишемиялык инсультка кабылган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG