Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Жогорку Кеңешке Нурланбек Тургунбек уулу төрага болуп кайра шайланды


Нурланбек Тургунбек уулу.
Нурланбек Тургунбек уулу.

Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына депутат Нурланбек Тургунбек уулу шайланды. Жабык добуш берүүгө 87 депутат катышып, алардын ичинен 84ү макул, үч депутат каршы болду.

17-декабрда ишин баштаган 8-чакырылыштагы парламент жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ала Тоо”, “Элдик” жана “Мекенчил” депутаттык топтору Тургунбек уулунун талапкерлигин сунуштаган.

Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Аксы шайлоо округунан шайланып келген, 2022-жылы 5-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин ал бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, кеңешчиси болуп иштеген.

2010-жылдын декабрында маданият жана маалымат министри болуп дайындалып, бул кызматта бир жыл эмгектенген. Мындан тышкары бир нече гезит, телеканалдарды жетектеген.

30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо №15 шайлоо округунан ат салышып, 17 миң 125 добуш менен жеңип келген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG