Үркүн: мемориалдын жерин кайтаргыла
Бишкекте 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарынын элесине арнап тарыхый эстелик орнотуу үчүн бөлүнгөн жерге мемориал тургузуу талабын койгон жарандык акция өттү. Кечээ кечинде шаардын "Түштүк дарбазасында" 100гө жакын адам чогулуп, 1916-жылды символдоштуруп туура 7ден 16 мүнөт өткөндө кол кармашып 16 мүнөт турушту. Муну менен алар бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылганын айтышты. 1993-жылы өкмөт "Ашар" кыймылына "Орто-Сай" бакчасында мемориалдык комплекс ачуу үчүн 2,5 гектар жер бөлүп берген. Бирок ошондон бери иш дээрлик жылбай турат. Болгону бир эстелик таш орнотулуп, анын тегерегине түрдүү кафе-ресторандар ачылган.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 15, 2025Меладзенин концерти эмнеге өтпөй калды?
-
Декабрь 12, 2025Активист Айбек Теңизбай эки айга камалды
-
Декабрь 10, 2025Консот өлүм жазасы боюнча сунушту кароого киришти
-
Декабрь 08, 2025"Ылдамдык кескин азайды". Интернеттеги көйгөйгө эмне себеп?
-
Декабрь 02, 2025Шайлоодогу мыйзам бузуу: Видео камера, добуш сатуу, 460 миң сом
-
Ноябрь 30, 2025Шайлоо-2025: Элдин күткөнү эмне?